Дордой базарында 42 контейнер өрттөндү

«Дордой» базарындагы өрттөн 42 металлдан жасалган соода түйүнү жана 9 күркө күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Өрттүн жалпы аянты миң чарчы метрди түзөт. Өрттүн кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланып, ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.